Жаш спортчу Алмаз Муратов: “Максатым - спортто грэпплингдин өнүгүшүнө салым кошуу”

Кыргызстан — тоолордун жана туризмдин өлкөсү, бул  биздин өлкөнү чет элдиктер менен байланыштырып турган белгилүү ураан. Бирок биз спортчуларыбызга  ыраазычылыгыбызды көрсөтүшүбүз керек, алардын аркасында биз жөнүндө атактуу дүйнөлүк спорт жылдыздары менен атаандаша ала турган таланттуу балдарды тарбиялаган өлкө катары дүйнө жүзү таанып, билип жатышат.  

Алардын катарында биздин жаш спортчу Алмаз Муратов Кыргызстандын  “Naga” грэпплинг түрү боюнча чемпиону, бир нече байгелердин ээси, эл аралык турнирлердин бир нече жолку чемпиону болгонго жетишкен. Алмаз кабарчыбызга спорттогу жетишкендиктери жана жеке өзү тууралуу айтып берди.

­– Балалыгың өткөн жер?

– Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында жарык дүйнөгө келгем. Түгөл-Сай айылына караштуу Сейдалы Медетов атындагы орто мектебинде орто билим алгам. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу бөлүмүндө жогорку билим алдым. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, мен үйдүн эң кичүүсүмүн. 

– Спорттун түрү көп, эмне себептен спорттун бул түрүнө кызыгып калдың?

– Мен бала кезимден эле спорт менен машыгып келем, спортко болгон кызыгуум  толук кандуу 17 жашымда башталды. Азыркы учурда 23 жаштамын спорттун грэпплинг түрү боюнча машыгам.  Грэпплингге анын техникалык аспектилерин, стратегиясын жана физикалык туруктуулугун камтыган уникалдуу мамилесинен улам кызыгам.

Грэпплинг физикалык даярдыгын жана техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө гана эмес, стратегиянын, тактиканын жана атаандашын башкаруунун аспектилерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Спорттун бул түрү спортчудан күчтү жана ийкемдүүлүктү гана эмес, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өзгөрүлүп жаткан күрөш шарттарына тез көнүүнү талап кылат.

Бул спорттун түрү күрөшүүнүн  ар кандай ыкмаларын сунуштайт, бул адамдын чеберчилигин дайыма өркүндөтүп  жана адамды ыкчам ой жүгүртүүгө үйрөтөт.

– Спорттогу кыйынчылыктар…

– Башка спорт түрлөрү сыяктуу эле грэпплингде да ар кандай кыйынчылыктар болот. Мен аларды бөлүмдөргө бөлүп айтып берсем:

1. Жаракаттар. Күрөштө тыгыз байланыштын жана физикалык активдүүлүктүн интенсивдүүлүгүнөн улам жаракат алуу негизги көйгөй. Бул булчуңдарга, муундарга, омурткага жана дененин башка бөлүктөрүнө мүмкүн болуучу жаракаттарды камтыйт.

2. Техникалык аспектилер. Грэпплинг спортчулардан жогорку деңгээлдеги техникалык чеберчиликти талап кылат. Эффективдүү ыкмаларды аткарууну үйрөнүү, атаандашын көзөмөлдөө жана башкаруудан качуу олуттуу убакытты жана күчтү талап кылат.

3. Физикалык даярдык. Грэпплинг күч, чыдамкайлык жана ийкемдүүлүктү камтыган жогорку деңгээлдеги физикалык даярдыкты талап кылат. Жетишсиз даярдык чарчоо же жаракат алып келиши мүмкүн. Ошондуктан көп машыгууга туура келет.

4. Психологиялык даярдык. Мат үстүндө кээ бир учурда  стресс жана тынчсызданууну болот. Ошондуктан психологиялык даярдык жакшы болуш керек. Күрөш учурунда өзүңө ишенүү жана эмоцияларды башкара билүү маанилүү. Күрөштө утулуп калсаң жеңилүү ызаасын көтөрө билүү керек.

5. Атаандаштык чөйрөсү. Грепплингде күтүлбөгөн жерден көптөгөн нерселер болгондуктан каршылаштын  ар кандай стилине жана стратегияларына ыңгайлашып күрөшүү керек. 

– Күрөш учурунда кандай жаракаттар болушу мүмкүн?

– Башка күрөштөгүдөй же спорттун түрлөрүндөгүдөй эле грэпплингде жаракат алуу көйгөйү абдан чоң. Грэпплинг жерге жатып алып күрөшүү  жана маневр жасоону камтыгандыктан, ар кандай жаракат алуу коркунучу бар, мисалы, көгөргөн жана сыйрылган жерлер. Грэпплингде көбүн эсе жерде жатып алып кылуу ыкмалары көп колдонулгандыктан дененин ар кандай көгала болуп  жана сыйрылып жаракат алуусу көп кездешет. Булчуңдардын жана дене байламталарынан (связка) чоюлуп, үзүлүшү. Грепплингде кыймылдардын жогорку интенсивдүүлүгүнөн жана маневрдүүлүгүнөн улам булчуңдардын жана байламталардын чоюлуп кетүү же үзүлүп кетүү коркунучу абдан чоң. Муундардын жаракаттары: Грепплинг көп биргелешкен жумуштарды камтыгандыктан (мисалы, атаандаштын муундарын бекитүү жана көзөмөлдөө), сынып жарака кетүү, чыгып кетүү сыяктуу муундар жаракат алышы мүмкүн. Омуртка жаракаттары: Катуу кыймылдар жана жерде жатып күрөшүү , өзгөчө, туура эмес же этиятсыздык менен аткарылса, омурткага жана белге коркунуч келтириши мүмкүн. Ошондой эле баштан жаракат алуу: Грепплинг адатта башка соккуну камтыбаса да, грэпплинг учурунда баш басымга дуушар болушу же жаракат алган учурлар да болушу мүмкүн.

Грэпплингде жаракат алуу коркунучун азайтуу үчүн, туура техниканы колдонуу, ийкемдүүлүктү жакшыртуу үчүн үзгүлтүксүз машыгуу жана зарыл болгон учурда коргоочу шаймандарды колдонуу маанилүү. Мындан тышкары, спортчулар мүмкүн болгон жаракаттарга даяр болушу керек жана алган жаракатына кантип туура мамиле кылууну жана калыбына келтирүүнү билиши керек.

– Спорттогу жетишкендиктериң?

– Грэпплинг менен алектенгенден тартып бир нече байгелердин ээси болдум, ал эми азыркы таптагы жетишкендигим Кыргызстандын “Naga” грэпплинг түрү боюнча чемпионмун.

IKJJF федерациясы өткөргөн Азиянын ачык чемпионатынын коло медалынын ээсимин.

2023-жылы Германияда грепплингдин “Naga” түрү боюнча өткөн Европа  чемпионатынын GI жана NOGI эки түрү боюнча чемпионумун.

2024-жылы Литвада өткөн эл аралык чемпионатын коло байгесинин жана көптөгөн эл аралык чемпионаттардын жеңүүчүсүмүн.

– АКШга  болгон сапарың жана келечекке пландарың?

– Мен карьерамда жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам бере турган мыкты спортчулар жана машыктыруучулар менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн АКШдамын. Бул жердеги окуу шарттары эң жогорку деңгээлде, заманбап жабдууларга жана алдыңкы окутуу ыкмаларына жетүү менин өнүгүүмдүн ачкычы болуп саналат.

Келечектеги пландарыма келсек, грэпплинг боюнча мыкты спортчулардын катарына кошулуп, эл аралык мелдештерге катышууну улантуудамын жана алдыда боло турган дүйнө чемпионатында алтын медаль алуу.

Узак мөөнөттүү келечекте айтсам спортчулардын кийинки муундарына тажрыйбамды жана билимимди өткөрүп берүү үчүн машыктыруучулук карьераны баштоо мүмкүнчүлүгүн да карап жатам. Менин максатым жеке гана ийгиликке жетүү эмес, дүйнөлүк спорт коомчулугунда грэпплингдин өнүгүшүнө салым кошуу.

– Сизден жаш спортчулар үчүн кеңеш

– Мен бардык спортчуларга биринчи кезекте жакшы окууну, чындап шыктандырган спорт түрүн тандоону кеңеш берет элем. Грэпплингди каалаган куракта баштасаңыз болот, эч кандай чектөөлөр жок, бирок эң жакшысы, албетте, бала кезинен.  

Талыкпай машык, машыктыруучуңду ук, чоң максаттарды кой, ошондо сага бардык эшиктер ачылат. 

Азыр Алмаз Муратов АКШда жашап, күнүмдүк машыгуусун улантууда. Биздин мекендешибизди алдыда эң абройлуу эл аралык турнирлерде дагы көптөгөн жеңиштер күтөт деп ишенебиз.

Өмүркан уулу Эмилбек. Сүрөт Алмаз Муратовдун өздүк архивинен