ЗАРИНА МАКЕН: «Кыргыз тили бул чоң мүмкүнчүлүк»

Зарина Макен үч баланын мээримдүү энеси. Гумандуу педагогиканын мугалими, PhD изилдөөчү, «Инсан KIDS» бала бакчанын негиздөөчүсү.

“Апамдын кесибин уладым”

– Мен 11 жыл жогорку окуу жайында мугалим болуп иштеп калдым. Бала бакчага келгенимдин себеби, апам интернатта 40 жыл орус тили мугалими, анан тарбиячы болуп эмгектенди. Жаш адис болгондуктан эки жерде иштеп, 4 баланы, мени жана менин бир туугандарымды жалгыз баккан. Апамды дээрлик көрчү эмесмин, бирок кесибине суктана берчүмүн. Ошондуктан бул кесипти тандадым. Апамдын айтымында, кичинекей кезимде эң жакшы көргөн оюнум куурчактарымды, оюнчуктарымды отургузуп алып сабак өтчү экенмин. Бирок мен биринчи экономика адиси болдум, Францияда, андан соң Швейцарияда окудум. Кийин Москвада аспирантурада дүйнөлүк экономика боюнча билимимди жогорулаттым. Азыр мен педагогика боюнча PhD изилдөөчүмүн. Изилдөөм ата-эне педагогикасына арналган.

Ата-эне болууга окуу кажет”

– Ошол изилдөөмдө ата-эненин балага болгон мамилесиндеги көп нерсени байкап, салыштырдым. Мисалы, кээ бир ата-эне балага бир дагы китеп алып бербейт. Ата-энелерге семинар өткөргөндө “эгерде үйдөгү оокаттардын арасында 10% китеп жок болсо, бул руханий жактан жакыр үй-бүлө” деп дайыма айтам. Ата-эне 100000 сомго эмерек алса, жок дегенде 10000 сомго китеп алышы керек. Дагы бир нерсе — биз бала төрөлгөндө, аны үйрөтө турчу чөйрө түзүп бербейт экенбиз. Үйүбүз, оокатыбыз балага ылайыкталган эмес, шарт жок. Бала бар жерде сөзсүз түрдө китеп, спорттук дубал, карта, ошондой эле залкар кыргыз инсандарыбыздын портреттери болушу керек. Бала ошол китептин жытын билип, китеп менен ойноп, китепти карап чоңоёт. Залкарларды сүрөттө тааныш болуп, ден соолугун чыңдап, колуна кармап көрүп, сезип чоңоюусу зарыл.

Гумандуу педагогикада бекеринен айтылбайт, билим берүү тармагында үч биримдик. Бул – ата-эненин, окуучунун жана мугалимдин биримдиги деп. Эгерде биз азыркы учурда бирикпесек, кызматташуу болбосо, шериктеш болбосок, биз балдарыбыздын канаттарын үзүп салып жатабыз.

“Чет өлкөлүктөрдүн өз эне тилине болгон сүйүүсү”

– Мен Францияда жашап француздардын тарыхы, маданияты, тили менен сыймыктанганын, улутчул келерин байкадым. Бир эле француздар эмес, бул ошол эле швейцарлар, немистер, англичандарга таандык сезим. Алар “мен, менин өлкөм, маданиятым, тилим” деп эле турат. “Мен эң мыктымын, биздин балдар эң мыкты” дешет. “Бизге дүйнөнүн кереги жок, дүйнө бизден үйрөнсүн” деп, абдан сыймыктанышат. Аларды карап бизде эмнеге мындай сезим жок, канткенде көтөрүлөбүз деген ой азыркыга чейин мени ойлонтот.

“Кантип эне тилге кызыктырабыз?”

– Эң биринчиден, эне тилинде пайдубалы бекемделбеген балага ата-энеси жакшы шарт түзүп бериш керек. Эмне болбосо да, жок дегенде баланын кулагына куюп туруш керек: “Балам, мен кыргызча сүйлөбөсөм дагы, сен сөзсүз кыргыз тилин билишиң керек. Эне тил бул сенин түпкү тамырың” деп. “Канчалык сенин тамырың күчтүү болсо, ошончолук сен чоң дарак болуп өсүп чыгасың. Мына, мен — кыргызмын, апаң — кыргыз, сен дагы кыргызсың” деп, ошол эле алма бактын астына банан түшпөйт, сен өзүнчө эле банан боло бербе деп тамаша катары дагы айтып түшүндүрсө бала кабыл алат.

“Биздин чоң артыкчылыгыбыз — эки тилдүү чөйрөдө өскөнүбүз”

– Чет жерде Казакстандан, Кыргызстандан, Азербайжандан, байыркы СССРден келген студенттер бир-эки жылдын ичинде акценти жок сүйлөп калышат. Ошол эле бир тилдүү чөйрөдөн келген балдар, алар өмүр бою ошол жакта жашап, ошол эле акцент менен калат. Андыктан биз үчүн бул дагы чоң жетишкендик, биздин чоң артыкчылыгыбыз — эки тилдүү чөйрөдө өскөнүбүз. Биз кичинекей кезибизден эки тилди угуп, жок дегенде мектепте сөзсүз эки тилде окудук.  

Мен, мисалы, 30 жашымда түшүнүп калдым ким экенимди, кайсы жакка баратам, максаттарым кандай экенин. Кыргыз тилин да кабыл алдым. Эгерде мен кичинекей кезимен эле кыргыз тилин билип, кыргыз чөйрөдө өссөм, мүмкүн азыр жетишкен нерселеримди 10-20 жыл мурун жетмекмин деп кейип калам. Ошондуктан жаштарга айтаарым, кыргыз тили бул чоң мүмкүнчүлүк.

Маектешкен Айдай Райымжан кызы