Арман

Жашы сексенге таяган Дүйшө ууру бул ирет төшөктө көбүрөөк жатып калды. Мурдагыдай эле айыгып туруп кетем деп ойлогон. Карылыгы каруусун алып, ооруга жеңдирип койду окшойт. Эми анын дартынан сакайбасын мойнуна алгандан башка чарасы калбады. Кексе адам аркы-алдын ойлоп, кетээр күндүн камын көрө баштады.

Кетээр күндүн камын өмүрүнүн көп бөлүгүн уурулук менен өткөргөн бу абышка төшөккө жата электе, андан да мурун, эртерээктен көрсө болмок экен. Эми беш-алты күн калган өмүрүндө кудайга жагаар эмне кылганга үлгүрөт? Бүгүнбү, эртеби ажалгап моюн сунса эл-журтка “Дүйшө ууру өлүптүр” деп угузушат да. Бул атына эбак кулагы көнүп калса да азыр Дүйшөнүн намыс-ариеттен ичи өрттөнүп кетти. Өлүм алдындагы кары адам “ууру” деген сөздү уккусу келбей, ушу сөздөн заарканып турду. Ал уурулук кылганды эбаак, көп жыл мурун токтоткон. Уулдары бой жетип, биринен бири өтүп мээнеткеч, табышкер чыкты. Азыр Дүйшө айылдагы оокаттуу эки адам болсо ошонун бири. Бирок “ууру” аты ушул күнгө чейин буга уйгактай жармашып, чырмооктой чырмалып өчпөй келет.

Көз алдына өзүнүн тажиясын элестетти:

Жаназа окулуп бүттү. Уулу ортого чыгып элге кайрылды:

— атам бирөөдөн карызы болсо менден алгыла, атамдан бирөө карыз болсо мен кечтим…”

Катар тизилип тургандар адегенде дымый түшүп, анан: “сенин атаң айыл элинин баарынан карыз, анын уурулукка кирбеген үйү калган эмес” деп жапырт ызылдап жиберишсе, табытта жаткан сөөктүн эмне абийири калат, же туруп качып кете албаса. Элден жооп күтүп, салбарып турган уулу кантет.

Алты саны аман, эл аралып жүргөндо бети бир чымырап койбогон Дүйшө ууру эми ажалын күтүп жатып, кайсы күндөрү кимдин эмнесин уурдагандарын эстөөгө тырышты, көбүн унутуп да калган. Эстеп көрсө, иштеген иши деле бар эле мунун, бирок бир колу тууру болсо, бир колу ууру болуп жүрө берди. Эч нерсе таппай калса колхоздун курулуп аткан мал сарайынан эки кап цементти түндөп кымырып келет эле, же эки көчө ылдыйдагы тоок багардын короосунан бир корозун бөктөрүп кашчу, миңдеген тоогу бар тоок багар бир корозунун жок болуп калганын бир топ күндон кийин гана билет эле.

Дүйшө адатта үйүлүп, тизилип, жыйылып турган көп нерсенин четинен, арасынан уурдачу. Жалгыз нерсеге жолочу эмес. Өзү жыртык, тешиктин баарына батып, кирип кетчү бөлөкчө чапчаңдыгы бар, арык, кичине киши эле. Уурдаткандар ким алганын бир топ мезгилден кийин билсе билип, билбесе билбей, шекшинген бойдон калчу. Ушунданбы бир да жолу түрмөгө түшпөдү, жазасын тартпады. Ырас, элдин арызы менен бир эки жолу милициялар муну кармап кетишкен, анан уурулугун далилдей албаган соң кайра койо беришкен. Жаза көрбөгөнү да азыр Дүйшөнүн уят-арын эки эсе, үч эсе козгоп, дарман алын кетирди. Ким билет, убагында камалып, түрмө азабын тартып келсе балким ага азыр жеңилирээк болмок беле.

Уурулугун бала кезден баштаган. Эсинде, биринчи ирет Жакып койчунун ээн короосунан отун уурдап келгени. Анда тогуз, он жашта болсо керек. Атасы өлгөн жыл эле. Ошол кышта апасы балдары менен суукта отунсуз калган. Кыштоого көчүп кетип, анда-санда айылдагы коргонунан кабар алган Жакып көп отуну четинен уурдалып атканын адегенде билген да эмес. Дүйшө кийин да кыш чыкканча бу коргонго бир канча ирет барган. Отуну үйүлүп атса, четинен алып койсо эмне болмок деп ойлогон жаш бала. Бара-бара Дүйшө чоңойгон сайын үйүндөгү жок нерсесин башкалардыкынан алганга көнүп алды. Балким ошондо апасы муну катуурак урушуп, мындай кылба, бул уурулук, уят болот деп койсо токтолуп калат беле. Көрсө, жашоо тиричиликтен жедеп кыйналган апасы деле мунун жоругун билип туруп билмексен болуп койгон экен. Ал маалда Дүйшө өзү уурулук эмне экенин жакшы аңдап деле билбейт эле. Анын билгени буларда жок нерсе башкаларда бар эле, кээсинде көп эле.

Жетим баланын майда-чүйдөнү уурдаганына алгач айылдаштары да көз жуумп коюшкан. Эмнеге антишти экен? Башкасын кой, ошондо эле, капты кармап түн жарымда үйдөн чыгып кетип, жарым саатта отун көтөрүп кирип келгенимде эле апам, жайы жаннаты болгур апам, колума келиштире бир чаппайбы десең.

Азыр төшөктө жатып алып Дүйшө карыя өзүнүн ууру болуп калганына апасын баш кылып, айылдаштарынын баарын четинен күнөөлөй берди.

Анан кайра эле өзүнүн тажиясы көз алдына келди.

Мунун сөөгүн жерге көмгөндөн кийин уулу салт боюнча келгендерге кайрылып: атам кандай киши болгон эле дейт. Ошондо айылдаштары: “атаң өтө эпчил, учар, кармалбаган ууру болгон” деп ачык айтышпаса да ичинен баары ошентип ойлошот. Ойлошот да баары демин ичине алып, унчукпай калышат. Уулум алардын оозун тиктеп, жооп күтүп дагы бозорот, өх!

Үшкүрүп алган Дүйшө кыйла санааркап жатып, анан мунун баарына көзүн жумду. Ууру болгону калппы. Ууру болсо ууру дешет, ууру болсо ушинтип көмүлөт да.

Карыянын жүзүн эми башкача бир муң, кайгы каптады: тиги дүйнөгө, кудай алдына барганда кантээр экен. Уурулар тозокко түшөт деп уккан. Тозок отунун табын сезгендей, Дүйшөнүн бүткөн бою алоолоп ысып чыкты, жамынган төшөктөрүн серпип салып, терезесин, эшигин ачтырды. Муздак суу сурап, бир пияланы жутуп алды.

Түн бою уктай албай, таң атканда үч уулун чакыртты. Бактысына үчөө тең тиричилигине тың, улуусунун кийим тиккен ишканасы бар, ортончусу район борборуна эки дүкөн ачкан, кичүүсү болсо чоң машинеси менен борбор шаарга тынбай жүк ташыйт.

Дүйшө жүрөк өйүгөн ташпишин балдарына ачык айтты:

— Уулдарым, мен силер турганда “ууру” атым менен өлгүм келбейт. Уурулугум үчүн о дүйнөдө тозокко түшөөрүмдү ойлосом эсим эки, акылым алты. Ушунун бир айласын тапкыла. Менин эми саналуу күндөрүм калды…

Дүйшө ууру доошу өзгөрүп, жашып кетти.

Уулдары бири бирине үнсүз карап алышты. Саамдан кийин улуусу Аслан атасынын колдорунан кармап, жүзүнө олуттуу үңүлдү:

— Ата, эмне дейсиз, айтыңыз, сиз каалаганды сөзсүз аткарабыз.

Дүйшө демдене түштү:

— Аслан, Азамат, Айбек, мен элден уурдагандарымды кайтарып беришим керек…

— Жарайт, ата, берели, сиз бизге тизмесин бериңиз, кимден эмне уурдаганыңыздын, маселе жок.- Улуусу шар эле жооп айтты.

— Ата, шашпай эске түшүрүп жаза бериңиз. — Кичүүсү стол үстүнөн кагаз менен ручканы алып колуна карматты.

— Мен кечинде келип кетем, ата, бул жагынан кам санабаңыз. — Ортончусу атасынын жаздыгын, жуурканын оңдоп атып ишенимдүү унчукту.

“Кудайга шүгүр” деди Дүйшө ууру ичинен, уулдарын узата тиктеп.

Уулдары иштерине кетти. Колуна кагаз, калемин кармаган Дүйшөнү кайрадан ой басты. Эстеп көрсө, кырк жылдан ашуун уурулук кылыптыр, бирде аз, бирде көп. Бирок Дүйшө ууру кагазга бир да даректи жаза албай койду. Жазса да ошончо убактагы көп уурулугу ушул бир кагазга батмак беле, уулу да кызык, бир кагазды карматып, кечинде келем деп, бул кечке чейин жазылып бүтө турган нерсе беле? Муну жумалап, айлап отуруп жазып чыгышы керек. Ушул жерге келгенде Дүйшө өзүн “токто!” деди. Ал бир убактарда уурдагандарын ээлерине кайсы бети менен кантип кайтарып берет? Алардын ар бирине алгандарын жеткирип отурса мунун уурулуктары баары кайрадан эске түшүп, козголуп, андан бетер Дүйшө ууру болбойбу. Минтсе өзүнүн уурулугун ачык моюнга алып, жеңилип, карыганда колдоруна түшүп бергендик эмеспи. Жок, башка бир жолун табыш керек.

Дүйшө уурунун кайрадан көңүлү чөктү.

Кечке маал ортончу уулу Азамат келгенде атасы уктап жаткан. Анын төшөгүнүн жанында кагаз актай бойдон калган.

Ошол түнү Дүйшө ууру, анын үч уулу чогулуп, өздөрүнчө масилээт кылышты. Уулдары атасынын кеңешин эп көрүштү.

Эртеси кичүү уулу Айбек айылдын мектебинин, ооруканасынын, мечитинин кем-карчын шашпай сурап, баягы кагазына тизмелеп жазып келди.

“Дүйшө ууру соопчулук кылганы атыптыр” деген сөз айылга дароо тарады. Эл ичинде дуу-дуу сөз башталды:

“ аа, байкуш ууру, бир кезде кымырып алгандарын кайтарып берейин деген экен, мейли, ушунчалыгына да рахмат”, “кайсы ууру эле күнөөсүн минтип моюнга алып атты эле, ууру болсо да өзүбүздүкү, мынча соопчулук кылып атса кечирбей кайда барабыз”, “Дүйшөнү ууру кылган себеп анын жетимдиги болгон да… “

Балдары атасы үчүн акчабызды аябайбыз дешти. Анын үстүнө Дүйшөнүн уулдары да уурунун уулу экендиктерине ичтен сыза намыстанчу. Кокус бирөө жарым менен чырдаша кетишсе ал сөзсүз булардын уурунун баласы экендиктерин эсине салып, сөзгө сөлтүк кылып, жер каратып койот эле.

Үч бир тууган чакан оорукананы оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жууркан, төшөк менен камсыздап, мектептин спорттук залынын чатырын жаап, эшик-терезесин коюп, мечитке болсо жылуу суусу бар даарат алчу атайын бөлмөнү куруп бермек болушту. Кете турган чыгымдын баарын эсептеп, үч уулу атабыздын көңүлүн тынчытабыз дештиби пулдарын Дүйшөгө апкелип, жаздыгынын астына каттырып коюшту. Иштерин күн бир аз жылыса баштамай болушту.

Дүйшөнүн болсо кабагы ачылды. Таңгак-таңгак акчаны жазданып жатып карыя кубаттана түштү. Эки күндүн ичинде таягын таянып, эшик-эликке кирип чыкканга жарап калды. Жакынкы күндөрү мойнундагы оор жүктөн кутулаарын эстегенде жүрөгү туйлап, кубарган жүзүнө кызыл жүгүрүп кетет.

Жаз келип, уулдары элге убада кылган ишин баштаар учур жакындады. Ушул күндөрдүн биринде Дүйшө түн жарымда кандайдыр бир дабыштан ойгонуп кетти. Ойгоноору менен негедир жаздыгы астындагы пул салынган түйүнгө колун жүгүрттү. Таппады, башын көтөрүп, жаздыгын алып карады, жок. Эки колдоп жер таянган Дүйшө ууру кыйкырып жиберди:

Ой, даат! Даат! Мирлаан! Мики! Кайдасың балам!

Жанында күн сайын кошо түнөп жүрчү бой тартып калган небересинин төшөгү бүгүн бош турду.

— Пулдун баарын апкетишиптир! Жарымын албайбы ынсабы жоктор! Ким болсоң да үйүң күйсүн, бейажал өлгүр! Таңга жетпей калгыр!

Дүйшө доошу бүтүп, алы куруп калганча ууруну каргап, ачайкырык сала берди.

— Карап тур, мейлисага айтып, каматып салбасам, атаңдын оозун урайындар! Билсеңер, бул деген, бул деген элге берчү пул эле да… Балдарымдын мээнет менен тапкан пулдары эле да…

Карыя ыйлап жиберди. Кыйлага чейин башын дубалга ургулап, жер муштап боздоду. Акыры чарчап, тураарга алы жетпей төшөгүнө кулады. Башы жаздыкка тийери менен жүрөгү “шуу” деп кетти. Небереси кайда? Атаңдын оозу…

Дүйшө оюна капыс келген нерседен катуу чочуп, алдастай түштү.

Башы зыңылдап ооруп, дарман алы куруду. Эми ал ууруларды каргаганын тык токтотту. Чалкасынан жатып алып, алсыз күбүрөдү:

ысып кеттим, терезени ачкыла, суу бергиле, суу, суу…

Эртең менен балдары атасын эс-учун жоготкон акыбалда көрүштү. Алар адегенде атасын акчаны уурдаганы келгендер сабаган экен деп ойлошту.

Дүйшө ууру ошол бойдон эсине келбей, үч күндөн кийин ооруканада каза тапты.

Уулдары элге берген убадасын атасын жайына койгондон кийин көп узартпай аткарып беришти.

Акча уурдаган ууру болсо али күнгө чейин табылбады.

Топчугүл Шайдуллаева